Токаев: Биз өз кызыкчылыктарыбызды дипломатия аркылуу гана эмес, катаал позициялардан да коргоого даярбыз
Президент Касым-Жомарт Токаев Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган майрамдык иш-чарада Куралдуу күчтөрдү жана аскерлештирилген түзүмдөрдү эки жылдын ичинде реформалоону тапшырганын Акорданын басма сөз кызматы билдирди "Биз бардык чыр-чатактар дипломатиялык жол менен, сүйлөшүү жолу менен чечилиш

Президент Касым-Жомарт Токаев Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган майрамдык иш-чарада Куралдуу күчтөрдү жана аскерлештирилген түзүмдөрдү эки жылдын ичинде реформалоону тапшырганын Акорданын басма сөз кызматы билдирди "Биз бардык чыр-чатактар дипломатиялык жол менен, сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деп ишенебиз, бирок керек болсо өз кызыкчылыктарыбызды дипломатиялык жол менен гана эмес, катаал позициядан да коргоого даярбыз. Эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын так сактоо керек деп эсептейбиз. Казакстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен достук мамилени мындан ары да чыңдай берет", - деди президент Бул кебелбес принциптер биздин жацы Конституциябызда ачык-айкын жазылгандыгын белгиледи "Бирок бул биз карап отура беребиз дегенди билдирбейт. Өлкөбүз ар кандай чакырыктарга бөгөт коюуга жана ар кандай коркунучтарга каршы турууга даяр болушу керек. Андыктан биз коргонуу потенциалыбызды чыңдап, биринчи кезекте Куралдуу Күчтөрдү технологиялык модернизациялоону улантышыбыз керек. Бул азыркы туруксуз, коогалаңдуу мезгилдин талабы. Муну эске алуу менен, биринчи кезекте, куралдуу күчтөрдү тереңдетип, кайра жаратуу зарыл. Бул кыска мөөнөттө – эки жылдын ичинде чечилиши керек болгон стратегиялык маанилүү милдет», - деди президент Эгерде сиз текстте ката тапсаңыз, аны чычкан менен белгилеп, Ctrl+Enter баскычтарын басыңыз Смартфонуңуздагы текстте ката тапсаңыз, аны белгилеп, "Ката жөнүндө кабарлоо" баскычын басыңыз


