Түндүк-Түштүк кошумча жолуна түшкөн таш көчкү тазаланып жатат
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна 4-июнда түшкөн таш көчкүнү тазалоо уланып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады №18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы жолду таштан тазалап жатат. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан да техника тартылган 4

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна 4-июнда түшкөн таш көчкүнү тазалоо уланып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады №18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы жолду таштан тазалап жатат. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан да техника тартылган 4-июнда саат 17:30 чамасында жолдун 270-271-чакырым аралыгына 55-60 миң куб метрлик чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган Министрлик айдоочуларга аталган тилке аркылуу каттамга чыкпай турууга чакырып, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертти 3-июнь күнү аталган жолдун 260–274-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, тазалангандан кийин кайра ачылган Түндүк-түштүк кошумча жолу 1-июндан баштап убактылуу ачылган. Автожол июндан ноябрь айына чейин ачык болору айтылган Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков март айында альтернативдик жол 2028-жылы толук пайдаланууга берилерин билдирген Жолду куруу долбооруна 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.(ZKo)


