Өзбекстанда июль айында абанын температурасы нормадан жогору болот
Өзбекстанда быйыл июль айында абанын температурасы нормадан жогору болуп, айрым аймактарда 45 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Узгидромет жарыялаган аба ырайынын маалыматында айтылат Маалыматка ылайык, июлдун биринчи беш күндүгүндө абанын температурасы күндүз 30...35 градустун тегерегин

Өзбекстанда быйыл июль айында абанын температурасы нормадан жогору болуп, айрым аймактарда 45 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Узгидромет жарыялаган аба ырайынын маалыматында айтылат Маалыматка ылайык, июлдун биринчи беш күндүгүндө абанын температурасы күндүз 30...35 градустун тегерегинде болсо, түштүктө 36...39 градус жылуу болот. Андан кийин абанын температурасы акырындык менен жогорулап, айдын биринчи он кундугунун аягында 37—40 градуска, ал эми туштук райондордо 41—43 градуска чейин жетет Айдын калган мезгилинде күндүз абанын температурасы 33…43 градуска чейин жетет. Өлкөнүн түндүк, чөлдүү жана түштүк аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 45 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 20...25 градус, түштүктө 25...27 градус, түндүк жана чөлдүү райондордо 27...30 градус жылуу болушу күтүлөт Узгидромет билдиргендей, июль айынын орточо температурасы климаттык нормадан 1,5-2 градуска жогору болот. Түштүктө бул көрсөткүч 2...2,5 градуска чейин жылыса, түндүк жана чөлдүү аймактарда 2,5...3 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн Июль айында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы сакталат. Айрым күндөрү гана тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт Буга чейин Ташкентте 29-июнда катуу шамалдан улам чаң көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылган


