Жаратылышты коргоо: Таштандыларды сорттоо маданиятын көтөрүү керек
Күнүмдүк жашообузда колдонгон нерселерибиз ыргытылгандан кийин айлана-чөйрөгө зыян келтирет. Кээ бирлери жүздөгөн, миңдеген жылдар бою толук чирибей, айлана-чөйрөнү булгашат. Мисалы, айнек миң жылдан ашык убакытка чейин чирибейт. Ошондуктан, аны кайра иштетүү жана кайра колдонуу натыйжалуураак. Таби

Күнүмдүк жашообузда колдонгон нерселерибиз ыргытылгандан кийин айлана-чөйрөгө зыян келтирет. Кээ бирлери жүздөгөн, миңдеген жылдар бою толук чирибей, айлана-чөйрөнү булгашат. Мисалы, айнек миң жылдан ашык убакытка чейин чирибейт. Ошондуктан, аны кайра иштетүү жана кайра колдонуу натыйжалуураак. Табиятта желим бөтөлкөнүн чирип кетүүсүнө 450-1000 жыл керектелет. Батарея 110 жылга жакын бузулбайт. Анын курамындагы оор металлдар топуракка жана жер астындагы сууларга кирип, айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн. Мындай маалыматты жарыялаган Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги шаар тургундарына жаратылышты коргоо максатында таштандыларды иргеп, кайра иштетүүнү, эскирген батареяларды атайын чогултуучу жайларга жөнөтүүнү сунуштайт


