Enigma долбоорунун "алтын үнү" Бишкекте чоң концерт берет
Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Эртең, 12-июнда Бишкекте алгачкы жолу белгилүү Enigma долбоорунун "алтын үнү" Эндрю Дональдстын концерти өтөт. Бул тууралуу дүйнөгө таанымал артист бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди Анын айтымында, концерт Кыргызстандын президенттик оркестрдин ж

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Эртең, 12-июнда Бишкекте алгачкы жолу белгилүү Enigma долбоорунун "алтын үнү" Эндрю Дональдстын концерти өтөт. Бул тууралуу дүйнөгө таанымал артист бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди Анын айтымында, концерт Кыргызстандын президенттик оркестрдин жана курамына 20га жакын жаш аткаруучу кирген балдар хорунун коштоосунда өтөт Иш-чаранын уюштуруучусу Ислам Сатаров тактагандай, балдар жамаатын даярдоо иштерин КР Эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова жана Опера жана балет театрынын солисти Акманай Эшбаева жетектеп жатышат Журналисттер менен болгон жолугушууда Эндрю Дональдс аны Кыргызстан менен үй-бүлөлүк байланыштар бириктирип турарын ачыктады Эндрю Дональдс кошумчалагандай, алдыдагы концерттин программасы Enigma тобунун дүйнөлүк башкы хиттеринен жана анын өзүнүн эң мыкты жеке чыгармаларынан турат


