Норвегиянын мураскор принцессасынын уулу төрт жылга эркинен ажыратылды
Ослонун соту Норвегиянын мураскор принцессасы Метте-Мариттин уулу Мариус Борг Хойбини төрт жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирет Хойби эки зордуктоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал дагы эки зордуктоо боюнча акталган Прокуратура жети жыл жети айга

Ослонун соту Норвегиянын мураскор принцессасы Метте-Мариттин уулу Мариус Борг Хойбини төрт жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирет Хойби эки зордуктоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал дагы эки зордуктоо боюнча акталган Прокуратура жети жыл жети айга эркинен ажыратууну суранган. Соттук отурумга соттолуучу өзү видеобайланыш аркылуу катышты 29 жаштагы Хойби Метте-Мариттин уулу, Норвегиянын мураскор ханзаадасы Хоконго турмушка чыкканга чейин төрөлгөн. Ал падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү эмес 2025-жылдын августунда Хойби төрт зордуктоо, үй-бүлөлүк зомбулук жана аялдарды жашыруун видеого тартуу боюнча айыпталган. Ал мурдагы сүйлөшкөн кызына зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн гана күнөөсүн мойнуна алган; ал башка айыптарды четке какты Би-Би-Си белгилегендей, Метте-Марит өпкө фиброзунан жапа чегип, жакында эле өпкө трансплантациясы үчүн кезекке турган. Хойбинин адвокаттары анын оорулуу апасы менен убакыт өткөрүшү үчүн абактан бошотулушун талап кылышкан


