Сауд Арабиясы АКШнын “Эркиндик долбоору” операциясын колдоодон баш тартты
Сауд Арабиясы Америка Кошмо Штаттарынын Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кыймылын камсыз кылуу үчүн баштаган «Эркиндик долбоору» операциясына колдоо көрсөтүүдөн баш тартты NBC News каналы АКШ администрациясындагы булактарына таянып тараткан маалыматка караганда, Вашингтон Перс булуңундагы өлкөлөргө

Сауд Арабиясы Америка Кошмо Штаттарынын Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кыймылын камсыз кылуу үчүн баштаган «Эркиндик долбоору» операциясына колдоо көрсөтүүдөн баш тартты NBC News каналы АКШ администрациясындагы булактарына таянып тараткан маалыматка караганда, Вашингтон Перс булуңундагы өлкөлөргө операция тууралуу алдын ала маалымат берген эмес. Дональд Трамптын "Truth Social" платформасында операция башталганын жарыялоосу Эр-Рияддын нааразычылыгын жаратты Буга жооп катары Сауд Аравиясы АКШга америкалык аскерий күчтөр ханзаада Султандын ысымы ыйгарылган авиабазаны колдоно албай турганын, өлкөнүн аба мейкиндиги алар үчүн жабык болорун билдирген Маалыматка ылайык, Трамптын мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү кырдаалды өзгөрткөн жок. Ошондон кийин АКШ операцияны убактылуу токтотууга аргасыз болгон


