Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Сот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон алты адамды камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин жана аларга байланышы бар адамдардын бөгөт чарасын карап, аларды Бишкектеги №1 тергөө абагына 15-августка чейин камакта калтырды. Шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн сотко

0 көрүүazattyk.org
Сот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон алты адамды камакта калтырды
Paylaş:

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин жана аларга байланышы бар адамдардын бөгөт чарасын карап, аларды Бишкектеги №1 тергөө абагына 15-августка чейин камакта калтырды. Шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү берген УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, Балыкчы ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Чыңгыз Төкөлдөшов, УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев (ред: каймана аты Пито), УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов камакта калтырылды Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон “Эду” деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Калган шектүүлөр анын артынан эле катары менен колго түшүрүлгөн Башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин 8-апрелдеги жыйынында УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын билдирген Түрдүү кылмыштарга шек саналып УКМКнын 22 мурдагы кызматкери кармалган. Алардын айрымдары тергөө абагына киргизилип, кээ бирлери үй камагына алынган УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери жети адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин, андан сырткары 83 киши кызматынан бошотулуп, 13ү тартип жазасына тартылганын, алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын айткан. (BTo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler