Ирандагы окуялар Кыргызстанда минералдык жер семирткичтердин кымбатташына таасирин тийгизди -
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтердин кымбатташына Ирандагы окуялар таасир этти. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында КР Суу жана айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Мирбек Дү

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтердин кымбатташына Ирандагы окуялар таасир этти. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында КР Суу жана айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди Анын айтымында, өлкөнүн минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык муктаждыгы 182,3 миң тоннаны түзөт "Бүгүнкү күндө республикага 71,1 миң тонна жеткирилди, бул суроо-талаптын 39 пайызын түзөт. Минералдык жер семирткичтерди өлкө боюнча 40 пункт аркылуу 8 ишкана жеткирип жатат. Аммиак менен селитранын 1 килограммынын баасы 43 сомдон 46 сомго чейин жетет", - деди Мирбек Дүйшеев Ал кошумчалагандай, быйыл минералдык жер семирткичтердин баасы 40-50 пайызга кымбаттады. «Бул Ирандагы акыркы окуяларга байланыштуу логистикалык маселелерге байланыштуу», - деп белгиледи Мирбек Дүйшеев


