2025-2026-жылдары Кытай жарандары Кыргызстандан канча кыймылсыз мүлк сатып алышкан -
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактарга “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылга жана 2026-жылдын 1-кварталына чет элдиктердин катышуусу менен кыймылсыз мүлк боюнча бүтүмдөр боюнча статистикасын жарыялады Анын айтымында, аталган мөөнөттө чет элдиктер Кыргызстандан 2 миң

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактарга “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылга жана 2026-жылдын 1-кварталына чет элдиктердин катышуусу менен кыймылсыз мүлк боюнча бүтүмдөр боюнча статистикасын жарыялады Анын айтымында, аталган мөөнөттө чет элдиктер Кыргызстандан 2 миң 408 кыймылсыз мүлк сатып алышкан. Эң көп транзакция Россиянын жарандары арасында болгон - 1 миң 238. Андан кийин Казакстандын жарандары - 424 транзакция, Кытай - 311, Түркия - 145 жана Германия - 56 Эл өкүлү өткөн жылы өлкөдө 62 миңден ашык кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу операциялары болуп, Кытай жарандарынын бүтүмдөрүнүн үлүшү жалпы рыноктун 0,44 пайызын түзөрүн белгиледи. Алсак, 2025-жылы Кытай жарандары 272 бүтүм жасашкан, ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында 39. Алар тарабынан алынган кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты 32 миң 540 чарчы метрди түзгөн, анын ичинен 4 миң 260 чарчы метр жер тилкелери Ошентип, Дастан Бекешевдин айтымында, статистика кытай жарандарынын массалык түрдө кыймылсыз мүлк сатып алуусу тууралуу кеңири тараган пикирди тастыктай албайт Ошону менен бирге ал үлүшүнүн аздыгы мамлекеттик көзөмөлдүн зарылдыгын жокко чыгарбайт деп баса белгиледи «Бизге туруктуу жана ачык мониторинг керек: ким сатып алат, алар каяктан сатып алат, бир адамда канча объект бар, стратегиялык же чек ара аймактарында сатып алуулар барбы, муляждар колдонулабы», — деп жазган депутат


