Казакстандын ЖОЖдорунда канча азербайжан жараны окуйт?
2025-жылдын аягындагы маалыматка ылайык, Казакстандын 58 университетинде Азербайжандын 333 жараны билим алган Бул тууралуу Казакстандын илим жана билим министри Саясат Нурбек Алматыда өтүп жаткан Казакстан менен Азербайжандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форумунда билдирди «2025-жылд

2025-жылдын аягындагы маалыматка ылайык, Казакстандын 58 университетинде Азербайжандын 333 жараны билим алган Бул тууралуу Казакстандын илим жана билим министри Саясат Нурбек Алматыда өтүп жаткан Казакстан менен Азербайжандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форумунда билдирди «2025-жылдын аягына карата Казакстандын 58 ЖОЖунда Азербайжандын 333 жараны, ошол эле учурда Азербайжандын ЖОЖдорунда Казакстандын 164 жараны билим алууда», - деди министр Анын айтымында, бүгүнкү күндө Казакстандын 62 университети Азербайжандын 81 университети менен кызматташат. Форумдун алкагында Азербайжандын 18 жана Казакстандын 29 университетинин ортосунда 63 жаңы меморандумга кол коюлду


