Шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү
Астанада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында шахмат боюнча мелдеш өттү. Мелдешке 50гө жакын пара-спортчулар катышты. Алардын бири Орынтай Мухтаров. Ал быйыл 80 жашка чыгып, 30 жашынан бери шахматты профессионалдуу түрдө ойноп келет. Жубайы Алия Жубатканова да спортчу. 25 жылдан бери баш кошкон

Астанада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында шахмат боюнча мелдеш өттү. Мелдешке 50гө жакын пара-спортчулар катышты. Алардын бири Орынтай Мухтаров. Ал быйыл 80 жашка чыгып, 30 жашынан бери шахматты профессионалдуу түрдө ойноп келет. Жубайы Алия Жубатканова да спортчу. 25 жылдан бери баш кошкон жубайлар турнирлерге чогуу даярданышат. "Спорттук мелдештерден көп жолу жеңиш менен кайтууга шал оорусу тоскоол болгон жок. Мен дагы көп белестерди багындырууга даярмын", - дейт пара-спортчу. Орынтай Мухтаров, шахматчы: Мурда мындай жагдай болгон эмес. Карылар үйүнө барып, ал жактагы шахмат үстөлүндө машыгып жүрдүм. Бүгүнкү күндө баары аткарылды. Биз эч кандай тоскоолдуксуз даярданабыз. Уюштуруучуларга абдан ыраазымын. Мелдештин жүрүшүндө шахмат федерациясы менен демөөрчүлөр ортосунда меморандумга кол коюлду. Эми мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн спорттук иш-чаралар дагы көп болот. Жакында биргелешкен долбоорлорду баштайбыз дешет уюштуруучулар. Бул жолку турнирдин байге фонду 1 миллион теңгени түзөт. Ошондой эле, жеңүүчүлөргө байге катары спорттук иш-чараларга араба берилди. Гүлмира Даулетова, Казакстан шахмат федерациясынын аткаруучу директору: Бул жыл сайын өтүүчү мелдеш. Чексиз шахмат шахматта чек жок дегенди билдирет. Биздин бүгүнкү катышуучулар да Алматы жарым марафонуна катышат. Ошондуктан шахмат спорттун түрдүү түрлөрүн бириктирген экосистемага айланып баратат

