Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Саламаттык сактоо, салык жана санариптештирүү: Бюрократияны жоюунун жыйынтыктары

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында президенттин жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган ведомстволор аралык комиссиянын онунчу оту

0 көрүүkabar.kg
Саламаттык сактоо, салык жана санариптештирүү: Бюрократияны жоюунун жыйынтыктары
Paylaş:

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында президенттин жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган ведомстволор аралык комиссиянын онунчу отуруму өттү Жыйында бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы каралып, жаңы демилгелер талкууланды Минкаб төрагасы президенттин тиешелүү жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча системалуу иш-аракеттер улантылып жатканын белгиледи Отурумда белгиленгендей, Ведомстволор аралык комиссия жүздөгөн көйгөйлүү маселелерди карап чыгып, алардын ичинен бүгүнкү күндө 200гө жакын системалык тапшырма аткарылды. Болжол менен 150 ченемдик укуктук актылар демилгеленген, анын ичинен 76 мыйзам жана ченемдик-укуктук актылар белгиленген тартипте кабыл алынган, 25и кабыл алуунун жана/же бекитүүнүн акыркы стадиясында, ал эми калган долбоорлор бекитүү жана кайра карап чыгуу стадиясында Мындан тышкары, жыйында үстүбүздөгү жылдын май жана июнь айларында бир катар мыйзамдардын кабыл алынышы, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү системасын комплекстүү реформалоого жана мамлекеттик органдардын ишмердигине проактивдүү ыкмаларды киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча маалымат берилди Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары салыктык башкарууну жакшыртуу, электрондук документ жүгүртүү системасын өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы процесстерди тартипке келтирүү жана башка бир катар маселелерди талкуулашты Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга аткаруу мөөнөтү көрсөтүлгөн конкреттүү тапшырмалар берилди. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин алдыга койгон максаттарына жетүү жана кабыл алынган чечимдердин өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилигин камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler