Садыр Жапаров 11 жаштагы футболчу Нурсейит Абдиев менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Кыргызстан менен Палестина курама командаларынын жолдоштук беттешинин алдында 11 жаштагы футболчу Нурсеит Абдыев жана анын апасы Рыскүл Ашырапкулова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти Нурсеит Абдыев Бишкек шаарында жашайт, №60 орт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Кыргызстан менен Палестина курама командаларынын жолдоштук беттешинин алдында 11 жаштагы футболчу Нурсеит Абдыев жана анын апасы Рыскүл Ашырапкулова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти Нурсеит Абдыев Бишкек шаарында жашайт, №60 орто мектепте окуйт. Ал "Дордой" клубунун балдар командасында футбол ойнойт, ошондой эле сүрөт тартууну жакшы көрөт Баланын апасынын айтымында, Нурсейит үч жылдан бери президент менен жолугушууну күтүп, сүйлөшүү учурунда абдан тынчсызданган Садыр Жапаров балага белектерди тапшырып, окуусуна жана спортко ийгилик каалады

