Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Садыр Жапаров Беларустун премьер-министрин кабыл алды (фото)

Бүгүн, 5-июнда Бишкекте Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди Жолугушууда соода-экономикалык, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана тур

0 көрүүkaktus.media
Садыр Жапаров Беларустун премьер-министрин кабыл алды (фото)
Paylaş:

Бүгүн, 5-июнда Бишкекте Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди Жолугушууда соода-экономикалык, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды Мамлекет башчысы Александр Турчиндин визити кыргыз-беларусь кызматташтыгынын прогрессивдүү өнүгүп жаткандыгынын жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого болгон жалпы каалоонун маанилүү ырастоосу экенин белгиледи. Президент Кыргызстандын Беларусь менен өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө, анын ичинде биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштү локалдаштыруу жана заманбап технологияларды тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи Александр Турчин Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун саламын жана жакшы каалоолорун айтып, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлануусу менен куттуктады. «Бул, албетте, кыргыз дипломатиясынын ийгилиги жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогорку ишенимдин далили», - деп баса белгиледи Александр Турчин Маектешкендер жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну жана 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасын өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.Ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктери ырасталды Соңунда мамлекет башчысы кесиптеши Александр Лукашенкого жылуу каалоо-тилектерин айтып, Беларусь президентинин ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусун чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler