Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Садыр Жапаров дагы бир Африка өлкөсүнүн лидерин Кыргызстанга чакырды (фото)

Бүгүн, 5-майда Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди Биз эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык

0 көрүүkaktus.media
Садыр Жапаров дагы бир Африка өлкөсүнүн лидерин Кыргызстанга чакырды (фото)
Paylaş:

Бүгүн, 5-майда Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди Биз эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкууладык Мамлекет башчысы Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуусун белгилеп, географиялык алыстыкка карабастан кызматташууну арттыруу үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгиледи. Тараптар ошондой эле инвестиция, туризм, каржы жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты Министр Барри Фор Сейшел Аралдар Республикасынын Президенти Патрик Гермининин саламын айтты. Андан соң эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү боюнча пикир алмашуу болуп, анда БУУнун алкагында аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленди Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-сейшель кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты. Ал эми мамлекет башчысы Патрик Херминиге Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келүүгө чакыруусун тапшырды Эске сала кетсек, буга чейин Того Республикасынын Министрлер Советинин Председатели Фор Эссосимне Гнассингбе расмий визит менен Бишкекке учуп келген

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler