Садыр Жапаров православдык кыргызстандыктарды Пасха майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде православдык кыргызстандыктарды Пасха майрамы менен куттуктады Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу мекендештер!Урматтуу Кыргызстандын православдык жарандары!Силерди жаркын Пасха майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде православдык кыргызстандыктарды Пасха майрамы менен куттуктады Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу мекендештер!Урматтуу Кыргызстандын православдык жарандары!Силерди жаркын Пасха майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Бул жаркыраган христиан майрамы жашоонун, ишенимдин, жакшылыктын жана кайрымдуулуктун салтанатын билдирет. Ал терең руханий баалуулуктарды алып жүрөт, адамдарды жаратууга шыктандырат, үмүттү, тынчтыкка, ынтымакка умтулууну күчөтөт Ар түрдүү этностордун жана диндердин өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара сыйлоо жана толеранттуулук салттары тарыхый жактан калыптанган Кыргыз Республикасында Пасха православдык христиандар үчүн маанилүү окуя гана болбостон, конфессиялар аралык диалогдун, биримдиктин жана жарандык тилектештиктин баалуулугун эске салат Мамлекет дин тутуу эркиндигин камсыздоого, коомдук ынтымакты чыңдоого жана элибиздин руханий көп түрдүүлүгүн сактоого багытталган саясатты ырааттуу жүргүзүп келет. Биз мындан ары да өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө, маданий жана диний каада-салттарды урматтоого, ошондой эле улуттар аралык тынчтыкты чыңдоого өзгөчө маани беребиз Бул жаркыраган майрам үйүңүздөргө кубаныч, жылуулук жана бакубатчылык, тынчтык, ынтымак жана келечекке ишеним алып келсин Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм! Пасха майрамы менен!”
.webp&w=2048&q=70)

