Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

2026-жылдын башынан бери республиканын каза болгон 174 жаранынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди -

2026-жылдын беш айында республиканын каза болгон 174 жараны Кыргызстанга алынып келинген. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди Анын айтымында, сөөктөрдү жеткирүүгө 21 миллион сом бөлүнгөн "Жүк 200гө" жылына бю

0 көрүү24.kg
2026-жылдын башынан бери республиканын каза болгон 174 жаранынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди -
Paylaş:

2026-жылдын беш айында республиканын каза болгон 174 жараны Кыргызстанга алынып келинген. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди Анын айтымында, сөөктөрдү жеткирүүгө 21 миллион сом бөлүнгөн "Жүк 200гө" жылына бюджеттен 60 миллион сом бөлүнөт. Жалпысынан бул каражат жетиштүү. 2025-жылы 472 адам чет өлкөдө каза болуп, алардын сөөгүн алып келүүгө 56 миллион сом бөлүндү", - дейт Бактыбек Кудайбердиев Ал кошумчалагандай, акыркы бир нече жылда кыргызстандыктар арасында медициналык туризмдин популярдуулугу өсүүдө "Жарандарыбыз Түркияга, Индияга ден соолугун чыңдоо үмүтү менен барышат. Тилекке каршы каза болгондордун саны да өсүүдө. Жыл сайын бул өлкөлөрдө 20-25тей кыргызстандык каза болот", - деп кошумчалады борбордун директору Эске салсак, 3-июнда Нью-Делидеги Florist Inn мейманканасында ири өрт чыккан. Каза болгондордун саны 21 адам, анын ичинде үч кыргызстандык болгон. Мейманкананын чет элдик конокторунун көбү Индиянын борборуна жергиликтүү медициналык мекемелерде дарылануу үчүн келишкени маалымдалган

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler