Орусия менен Кытай БУУнун Ормуз кысыгы боюнча резолюциясына бөгөт коюшту
7-апрелде Орусия менен Кытай Ормуз кысыгын ачуу үчүн Иранга каршы күч колдонууну талап кылган резолюциянын кабыл алынышына бөгөт коюшкан. Алар БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган резолюцияга вето коюшту. Бул тууралуу “Associated Press” агенттиги кабарлады Modern.az Жыйынтыгында Коопсуздук кеңеши

7-апрелде Орусия менен Кытай Ормуз кысыгын ачуу үчүн Иранга каршы күч колдонууну талап кылган резолюциянын кабыл алынышына бөгөт коюшкан. Алар БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган резолюцияга вето коюшту. Бул тууралуу “Associated Press” агенттиги кабарлады Modern.az Жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 11и резолюциянын кабыл алынышын колдоп добуш беришти. Дагы эки өлкө - Пакистан менен Колумбия добуш берүүдөн калыс калышты Агенттиктин маалыматына караганда, Москва менен Пекинди бейтарап болууга мажбурлоо үчүн документтин тексти көп жолу өзгөртүлгөн Резолюция долбоорун Перс булуңундагы өлкөлөрдүн колдоосу менен Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган Бахрейн даярдады. Документтин түп нускасы өлкөлөргө Ормуз кысыгы аркылуу транзитти камсыздоо жана анын жабылышына жол бербөө үчүн “бардык зарыл каражаттарды” колдонууга мүмкүндүк берген. Бул сөз аскердик операцияларды да билдирет Анын ордуна Орусия менен Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешине Жакынкы Чыгыш боюнча резолюция долбоорлорун сунушташкан


