Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Reuters: Ирандагы согуштан улам АКШ эң ири мунай экспорттоочуга айланды

Саудия мунайы сыртка ташылган Ормуз кысыгы буулган жана Орусия мунайына санкция киргизилген учурда АКШ үчүнчү ай катары менен дүйнөдө мунай заттарды экспорттоодо лидерликти ээлеп келе жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги танкерлерди тейлөөчү Vortexa сервисинин маалыматтарына шилтеме кылып жазды Аг

0 көрүүazattyk.org
Reuters: Ирандагы согуштан улам АКШ эң ири мунай экспорттоочуга айланды
Paylaş:

Саудия мунайы сыртка ташылган Ормуз кысыгы буулган жана Орусия мунайына санкция киргизилген учурда АКШ үчүнчү ай катары менен дүйнөдө мунай заттарды экспорттоодо лидерликти ээлеп келе жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги танкерлерди тейлөөчү Vortexa сервисинин маалыматтарына шилтеме кылып жазды Ага ылайык, АКШнын мунай жана отун экспорту май айында өндүрүштүн жогорку көлөмүнүн жана өлкөнүн стратегиялык мунай запастарынын бошотулушунун аркасы менен күнүнө болжолдуу 10,5 млн баррелге чейин өскөн. Орусиянын ошол эле айдагы экспорту күнүнө 7 млн баррелди түзсө, Сауд Арабиясыныкы 5,9 млн баррелди түзгөн Vortexa сервисинин маалыматына караганда, 2025-жылы мунай экспорттоо жаатында Сауд Арабиясы лидер болгон - күнүнө 8,1 млн баррел чамасында саткан. Кошмо Штаттар чет өлкөлөргө суткасына 6,6 млн баррел, Орусия - 5,8 млн баррел мунай экспорттогон "Ири мунай экспорттоочу позицияда туруп Вашингтон глобалдык аскердик артыкчылыгынан жана каржы рыногундагы үстөмдүгүнөн тышкары, атаандаштары жана союздаштары менен сүйлөшүүлөрдө жаңы күчтүү таасирге ээ болот", – деп жазды Reuters Мисалы, АКШ Европанын негизги чийки мунай импортеру, аймактагы дистиллят отунунун экинчи жеткирүүчүсү болуп калды. Андан тышкары Жакынкы Чыгыштан мунай алуу кыйынчылыгынан улам Азия өлкөлөрү да америка мунайынан көз каранды болууда 11-июнда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Х социалдык тармагына жарыялаган постунда Ирандын мунай инфраструктурасын, кара май экспорттоочу негизги хабы болгон Харг аралын басып алышарын айтып коркуткан

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler