Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргыз-грузин кызматташтыгы: Бир катар документтерге кол коюлду

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду Төмөнкү эки тараптуу документтер кол коюлду: Жогорку деңгээлдеги Биргелешкен билдирүү; Кыргыз Республикасынын жана Грузиянын авиациял

0 көрүүkabar.kg
Кыргыз-грузин кызматташтыгы: Бир катар документтерге кол коюлду
Paylaş:

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду Төмөнкү эки тараптуу документтер кол коюлду: Жогорку деңгээлдеги Биргелешкен билдирүү; Кыргыз Республикасынын жана Грузиянын авиациялык бийлик органдарынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандуму; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Мамлекеттик мүлк агенттигинин ортосунда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму; Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Грузиянын Улуттук азык-түлүк агенттигинин ортосунда ветеринария жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандуму; Грузиянын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасы; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологияны жана коопсуздукту коргоо боюнча мамлекеттик жөнгө салуучу органы менен Грузиянын Атомдук жана радиациялык коопсуздук агенттигинин ортосундагы радиациялык коргоо, ядролук коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму; Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Грузиянын Билим берүү, илим жана жаштар министрлигинин ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Грузия Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасы менен Грузия Республикасынын ортосунда ташылып өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды алдын ала алмашууну уюштуруу тууралуу макулдашуу; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Спорт министрлигинин ортосунда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Грузиянын Юстиция министрлигинин ортосунда укуктук чөйрөдөгү кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler