Эрдогандан Пашинянга куттуктоо
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга парламенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо кат жолдоду Modern.az сайты куттуктоо каты 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясынын жеңишине байланыштуу жазылган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга парламенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо кат жолдоду Modern.az сайты куттуктоо каты 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясынын жеңишине байланыштуу жазылганын билдирди Эрдоган катында Пашинянды түрк элинин жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, үчүнчү жолу өкмөт түзүү процессинде ийгилик каалады Катта «Түркия элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Армения Республикасында 2026-жылдын 7-июнунда өткөн парламенттик шайлоодо сиз жетектеген «Жарандык келишим» партиясынын ийгилиги менен чын дилимден куттуктап, үчүнчү жолу өкмөттү түзүүдө ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат катта Түрк лидери ошондой эле Пашиняндын аймактагы туруктуу тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган стратегиялык көз карашы ийгиликтүү ишке ашат деп ишенерин баса белгиледи Режеп Тайып Эрдоган: «Аймакта узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу, ошондой эле бул багытта зарыл кызматташтыкты камсыз кылуу боюнча стратегиялык көз карашыңыз ийгиликтүү болоруна толук ишенем», - деди Каттын аягында Түркиянын президенти Пашинянга чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Армения элине гүлдөп өнүгүү жана бакыт каалады


