Айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жана кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди Дагы жаңылыктар жана видеол

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жана кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Куттуктоодо министрлер кабинетинин башчысы климаттын өзгөрүшү азыркы учурдун негизги глобалдык көйгөйлөрүнүн бири бойдон калып жатканын, ал Кыргызстанга олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгиледи Анын айтымында, Кыргызстан глобалдык парник газдарынын эмиссиясынын 0,03%ын гана түзөөрүнө карабастан, республика климаттын өзгөрүшүнүн пропорционалдуу эмес жогорку кесепеттерине туш болууда. Тактап айтканда, республикадагы мөңгүлөрдүн аянты 16%га, ал эми Ысык-Көлдүн деңгээли акыркы он жылдыкта дээрлик 14 метрге азайган Касымалиев Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн башкаруунун укуктук жана институционалдык базасын чыңдоону улантып жатканын, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу, жашыл технологияларды киргизүү жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи Ал ошондой эле Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаганын эске салды Демилге дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө бурууга жана тоо экосистемаларын сактоого багытталган Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн жаратылыш мурастарын сактоо боюнча иштерди, анын ичинде ак илбирсти коргоо, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруу, Ысык-Көлдү тазалоо жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш-чараларга токтолду Акыркы жылдардагы олуттуу жетишкендиктердин катарында газдаштыруу, коомдук транспортту жаңылоо жана сапатсыз отун колдонууну азайтуу, ошондой эле электр энергиясын өндүрүү менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү заманбап ишкананы ишке киргизүүнүн аркасында Бишкектин абасынын булганышынын азайгандыгын атады Адылбек Касымалиев жаратылыш ресурстарын сактоого жана өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга кошкон салымы үчүн экология кызматкерлерине, окумуштууларга, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди Сиздин кесипкөйлүгүңүздүн жана ак ниет эмгегиңиздин аркасында Кыргызстан өзүнүн жаратылыш ресурстарын сактоо жана климаттык чакырыктарга жооп кайтаруу жолунда ишенимдүү кадам таштоодо Соңунда министрлер кабинетинин башчысы тармактын кызматкерлерине чың ден соолук, бакубатчылык жана ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалады Иллюстративдик сүрөт башкы бетте: bizexpert.kg


