Түркиянын Иран жана АКШга кайрылуусу
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Иран менен АКШ сүйлөшүү үстөлүнө кайтып, аймактагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөрдү жыйынтыкташы керек», - деди "Биз тараптарга өз ара чабуулдарды токтотууну, сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келүүнү жана алар аяктоо алдында турган т

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Иран менен АКШ сүйлөшүү үстөлүнө кайтып, аймактагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөрдү жыйынтыкташы керек», - деди "Биз тараптарга өз ара чабуулдарды токтотууну, сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келүүнү жана алар аяктоо алдында турган текстти (келишимдин) аягына чыгарууну сунуштайбыз. Биздин күч-аракетибиз ушул багытка багытталган. Согуштун күчөшү, чыңалуунун күчөшү жана жалпы аскердик абалга кайтып келүү эч кимге пайда алып келбей турганын баарыбыз башынан өткөрдүк жана көрдүк. Канчалык кыйын болсо да, сүйлөшүүлөрдү акыркы чекитке жеткирүү керек Акыркы күндөрү сүйлөшүүлөр чындыгында тексттин кээ бир жерлеринде чечиле турган бир нече пункттар калган баскычка жетти. Бирок биз башталган өз ара соккулар күчөп кетүү коркунучун алып жатканын көрүп турабыз. Бул бизди чындап тынчсыздандырат»,- деген Фидан, согуштук аракеттердин күчөшү жана чыңалуунун күчөшү эч кимге пайда алып келбейт


