Чет өлкөдөгү студенттерди жумуш берүүчүлөр менен байланыштыруучу платформа ишке киргизилет
Чет элдик абройлуу университеттерде билим алып жаткан өзбекстандык студенттерди жергиликтүү иш берүүчүлөр менен байланыштырган санариптик байланыш платформасы бир айдын ичинде ишке кирет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июнда жаштар менен жолугушуу учурунда билдирди Маалым болгондо

Чет элдик абройлуу университеттерде билим алып жаткан өзбекстандык студенттерди жергиликтүү иш берүүчүлөр менен байланыштырган санариптик байланыш платформасы бир айдын ичинде ишке кирет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июнда жаштар менен жолугушуу учурунда билдирди Маалым болгондой, учурда 14 миңден ашуун өзбек улан-кыздары АКШ, Европа, Япония, Кытай жана Түштүк Кореянын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алып жатышат Жаңы платформа аркылуу чет өлкөдө билим алып жаткан студенттер каникул учурунда Өзбекстандагы министрликтерде, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик уюмдарда жана жеке компанияларда практикалык окуудан жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат Президент ошондой эле жыл сайын 700гө жакын таланттуу жаштар «Эл-Юрт үмүтү» фонду аркылуу дүйнөнүн эң абройлуу университеттерине окууга жөнөтүлүп жатканын белгиледи "Реформабыздын алгачкы этабында таланттуу жаштарыбызды негизинен кийин мамлекеттик уюмдарда иштөө шарты менен чет өлкөгө окууга жөнөткөнбүз. Мындай кадрларга жеке сектордо да муктаждык күн санап өсүүдө. Мындан ары биздин жаштарыбыз да жеке сектордун буйругунун негизинде "Эл-Юрт үмүтү" фонду аркылуу чет элдик абройлуу университеттерде билим ала алышат", - деди президент Шавкат Мирзиёев Буга чейин Өзбекстанда жаштар атайын упайларды ала турган Өзбекстан жаштар лигасынын платформасы иштей баштаары маалымдалган


