Пакистандан Ооганстанга болгон аба чабуулунан – 13 адам өлүп, 14 киши жарадар болгон
Пакистан Ооганстанга абадан чабуул уюштурду Бул тууралуу ооган өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазганын 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди "Пакистан армиясы Ооганстандын аба мейкиндигин дагы бир жолу бузуп, Кунар, Хост

Пакистан Ооганстанга абадан чабуул уюштурду Бул тууралуу ооган өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазганын 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди "Пакистан армиясы Ооганстандын аба мейкиндигин дагы бир жолу бузуп, Кунар, Хост жана Пактика провинцияларындагы карапайым калктын үйлөрүн бомбалады. Бул кол салуулардын натыйжасында 11 бала, 1 аял жана 1 кары адам каза болуп, 14 аял жана бала жаракат алды. Биз бул адамкерчиликсиз кылмышты жана аракетти катуу айыптайбыз",-деп баса белгиледи Пакистан армиясы же өкмөтү азырынча эч кандай билдирүү тарата элек


