Озоди: Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Украинадагы согушта каза болгон
Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Махмаджон Бозоров Орусиянын Украинага каршы согушунда курман болгон. Маркумдун сөөгү 15-июнь күнү эртең менен өзү туулуп-өскөн Хатлон облусунун Восеоди Калон айылында жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таяну

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Махмаджон Бозоров Орусиянын Украинага каршы согушунда курман болгон. Маркумдун сөөгү 15-июнь күнү эртең менен өзү туулуп-өскөн Хатлон облусунун Восеоди Калон айылында жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен билдирди - Ozodi Журналисттердин маектештеринин айтымында, Бозоровдун сөөгү жерге берүү аземине бир күн калганда мекенине жеткирилген Махмаджон Бозоров Украинада Орусия тарапта согушуп, 2025-жылдын башында дайынсыз жоголгон. 2005-жылга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлигинин милициянын атайын отрядында (ОМОН) кызмат өтөгөн Жети жыл мурун Махмаджон Бозоров жети баласы менен Орусияга көчүп келип, Орусиянын жарандыгын алып, аскер кызматын уланткан Журналисттер Орусия тарабында Украинага каршы согушка катышкан жүздөгөн тажикстандыктарды билишет. Алардын көбү дайынсыз жоголгон, колго түшкөн же каза болгон. Ошол эле учурда өлкөнүн бийликтери согуш аракеттеринин катышуучуларына каршы жалданмачылык боюнча бир дагы кылмыш ишин козгой элек Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


