АКШ менен Иран тынчтык келишимине 19-июнда кол коюшат
Вашингтон менен Тегеран бир нече айга созулган ок атышпоону токтотууга макул болгонун ырасташты. Тараптар документке электрондук түрдө кол коюшту. Келишим жума күнү Швейцарияда расмий түрдө бекитилет АКШ менен Ирандын ортосунда 3 жарым айга созулган согуш аяктады. Тараптар бардык багыттар боюнча ок

Вашингтон менен Тегеран бир нече айга созулган ок атышпоону токтотууга макул болгонун ырасташты. Тараптар документке электрондук түрдө кол коюшту. Келишим жума күнү Швейцарияда расмий түрдө бекитилет АКШ менен Ирандын ортосунда 3 жарым айга созулган согуш аяктады. Тараптар бардык багыттар боюнча ок атышпоо тууралуу макулдашты. Тынчтык келишимине 19-июнда кол коюлат. Сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөткөн Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф документке кол коюу аземи Швейцарияда болоорун билдирди Шахбаз Шариф, Пакистандын премьер-министри: Бул маалыматты Вашингтон менен Тегеран тастыкташты. АКШнын президенти Дональд Трамп келишимге кол коюлгандан кийин Ормуз кысыгы ачыла турганын билдирди. Иран тарап өз ара түшүнүшүү меморандуму бир нече айга созулган татаал жана интенсивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин жактырылганын жарыялады. Кошумчалай кетсек, акыркы тынчтык келишимине жетишүү үчүн 60 күн сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турганы айтылды. АКШ келишимди өзөктүк программаны ооздуктоонун каражаты катары сыпаттаса, Тегеран аны экономикалык жеңиш катары сыпаттоодо Реза Нагипур, Тегеран шаарынын тургуну: Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, келишимге ылайык, АКШ 30 күндүн ичинде Иран портторуна деңиз блокадасын алып салууга, жаңы санкцияларды киргизбөөгө, Ирандын бөгөттөлгөн активдеринин бир бөлүгүн бошотууга жана мунай экспортуна жеңилдиктерди берүүгө макул болгон. Буга жооп катары Ислам Республикасы уранды байытууну жана жаңы өзөктүк объектилерди курууну токтотушу керек. Дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери Иран менен АКШнын ортосундагы тынчтык келишимин бурулуш деп атап, куттуктоолорун жөнөтүштү Кир Стармер, Улуу Британиянын премьер-министри: Тынчтык келишими жөнүндөгү кабар дүйнөлүк мунай рыногуна дароо таасирин тийгизди. Биржаларда энергетикалык чийки заттын баасы 4 пайызга арзандап, анын Brent маркасы 83 доллар 13 центтен сатылууда


