«Асман» резиденциясынын ачылышы-1: Президентке унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги айтылды -
Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман резиденция-1» турак жай комплексинин жаңы тургундарына ачкычтарды тапшыруу аземине катышты Расмий бөлүктөн кийин ал жаңы тургундар менен баарлашты. Алгачкылардан болуп ачкычты саламаттыкты сактоо тармагын

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман резиденция-1» турак жай комплексинин жаңы тургундарына ачкычтарды тапшыруу аземине катышты Расмий бөлүктөн кийин ал жаңы тургундар менен баарлашты. Алгачкылардан болуп ачкычты саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдар бою иштеген медицина кызматкери алды Мамлекет башчы мектепте 22 жылдан бери эмгектенип келе жатканын айткан мугалим менен да баарлашты. Анын айтымында, акыркы 15 жылдан бери үй-бүлө батирдин ижара акысына ай сайын 20 миң сомго жакын акча төлөп, турак жайды ижарага алууга аргасыз болгон. Президенттин басма сөз кызматынан алынган сүрөт “Буга чейин бул акча батирдин ээсине түшүп келсе, эми алардын жеке турак жайына түшөт”, - деп белгиледи Садыр Жапаров Баарлашуунун жүрүшүндө тургундар жаңы комплекстин жанында унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин айтышты. Президент маселени чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууну жооптууларга тапшырып, жаңы конуштарды курууда алдын ала тургундардын унааларынын санын эске алуу керектигин белгиледи. “Асман Резиденс-1” турак жай комплекси 12 кабаттуу сегиз блоктон турат жана 540 батирге эсептелген. Аймак балдар аянтчалары, көрктөндүрүлгөн короолор жана унаа токтотуучу жайлар менен жабдылган Бийликтин маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 82 миңден ашык батирлер курулуп жатат. Ош шаарында эле 8,4 миңден ашык адам турак жай алуу үчүн кезекте турат, алар үчүн жалпы кубаттуулугу 5,5 миң батирден ашык төрт ири турак жай комплекси курулуп жатат


