Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Орусия күйүүчү майды чет жактан импорттоону караштырууда

Орусия башка өлкөлөрдөн мунай продукциясын ташып келүү ыктымалдыгын талкуулап жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тараптар баа боюнча мунасага келсе, Москва чет жактардан күйүүчү май импорттоого даяр деп билдирди Бирок кеп кайсы өлкөлөр тууралуу жүргөнү айтылган жок «Муну менен рынокт

0 көрүүazattyk.org
Орусия күйүүчү майды чет жактан импорттоону караштырууда
Paylaş:

Орусия башка өлкөлөрдөн мунай продукциясын ташып келүү ыктымалдыгын талкуулап жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тараптар баа боюнча мунасага келсе, Москва чет жактардан күйүүчү май импорттоого даяр деп билдирди Бирок кеп кайсы өлкөлөр тууралуу жүргөнү айтылган жок «Муну менен рынокту турукташтырууга жана ажиотаж болуп аткан талапты жөнгө салууга дагы бир кадам жасайбыз», - деп айтты Песков 24-июнда Рейтер агенттиги булактарына таянып, Орусия Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган Казакстандын бийлиги ошондо мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын расмий четке каккан Өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов 26-июнда Москвадан күйүүчү май жеткирүү боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн, андай өтүнүч түшсө, өкмөт аны караштырарын айтты Агенттиктин маалыматына ылайык, быйыл Орусияда бензин өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 25% азайды Украина өз аймагын күн сайын аткылаган орус армиясын күйүүчү май менен камсыздаган энергетикалык комплекстерди бутага алып келатат Соңку соккулардан улам Орусияда бензин менен дизел тартыш болгону кабарланууда. Москва күйүүчү майдын экспортун чектеди жана кара майды импорттоону караштырууда

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler