Суу чарба жана енер жай министерствосунун начальнигинин жаны орун басары —
Асылбек Сатывалдиев Кыргыз Республикасынын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду Асылбек Сатывалдиев 1981-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында туулган

Асылбек Сатывалдиев Кыргыз Республикасынын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду Асылбек Сатывалдиев 1981-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында туулган. Жогорку билими бар 2003-жылы К.И. атындагы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Скрябиндин экономика жана айыл чарба ендурушун башкаруу адистиги боюнча Эмгек жолун 2004-жылы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Чүй облусунун Сокулук району боюнча жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүндө адис болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин 2006-жылга чейин аталган бөлүмдө жетектөөчү, андан кийин башкы адис болуп иштеген 2006–2008-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш башкармалыгынын адиси 2009–2014-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын агроөнөр жайлык өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн адиси жана башкы адиси кызматтарын аркалаган 2014–2019-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүндө эксперт болуп иштеген 2019-2020-жылдары Сокулук районунун акими мамлекеттик администрация башчысы болуп иштеген 2021-2022-жылдары Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеген 2022–2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти болгон 2023-2025-жылдары Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин жетекчиси; 2025-жылдын 16-майынан ушул кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти болуп иштеген Эске сала кетсек, мурдагы вице-министр Асел Кененбаева өз арызы менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган


