Нигериянын аскерлери барымтадагы 360 адамды бошотту
Нигериянын коопсуздук күчтөрү атайын операциянын жүрүшүндө согушкерлердин Борно штатындагы тоолуу баш калкалоочу жайдагы 360 эркек, аял жана баланы бошотту Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги армиянын маалыматына таянуу менен билдирди «Туткундагы эки бала чарчап, абактагы катаал шарттан улам каза бол

Нигериянын коопсуздук күчтөрү атайын операциянын жүрүшүндө согушкерлердин Борно штатындагы тоолуу баш калкалоочу жайдагы 360 эркек, аял жана баланы бошотту Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги армиянын маалыматына таянуу менен билдирди «Туткундагы эки бала чарчап, абактагы катаал шарттан улам каза болду», - дешти алар Кабарларга караганда, тургундар штаттын түштүк бөлүгүндөгү Мандара тоолорунда Боко Харамдын негизги фракциясы JAS мүчөлөрү тарабынан кармалып турган. Алар бул аймактагы ар кайсы конуштардан белгилүү бир убакытка чейин уурдалган Куткаруу операциясын спецназдарды камтыган биргелешкен операция тобу жүргүзүп, ЖАС согушкерлерин качууга аргасыз кылганы белгиленди Бир нече жылдар бою Нигериянын өкмөтү коопсуздук коркунучтарына, айрыкча жергиликтүү бандалар тарабынан массалык уурдоолорго, куралдуу топтордун көбөйүшүнө жана малчылар менен дыйкандардын ортосундагы кагылышууларга туш болуп келген Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


