Нетаньяху: Израил АКШнын Иранга каршы соккуларын эки жумага токтотуу чечимин колдойт
Израил АКШнын президенти Дональд Трамптын Иранга каршы соккуларды эки жумага токтотуу чечимин колдойт Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүндө айтылат "Израиль президент Трамптын Иранга каршы соккуларды эки жумага токтотуу чечимин колдойт, эгерде Иран

Израил АКШнын президенти Дональд Трамптын Иранга каршы соккуларды эки жумага токтотуу чечимин колдойт Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүндө айтылат "Израиль президент Трамптын Иранга каршы соккуларды эки жумага токтотуу чечимин колдойт, эгерде Иран дароо кысыктарды ачып, АКШга, Израилге жана аймактык өлкөлөргө каршы бардык чабуулдарды токтотсо", - деп айтылат билдирүүдө Билдирмеге караганда, Израил да АКШнын Ирандан келип чыккан “өзөктүк, ракеталык жана террордук” коркунучун жок кылууга багытталган чараларын колдойт "Америка Кошмо Штаттары Израилге алдыдагы сүйлөшүүлөрдө Кошмо Штаттар, Израил жана Израилдин өнөктөштөрү үчүн бул жалпы максаттарга жетүү үчүн чечкиндүү экенин айтты", - деп кошумчалады Нетаньяхунун кеңсеси. *** "Израиль президент Трамптын Иранга каршы чабуулдарды эки жумага токтотуу чечимин Иран дароо кысыктарды ачып, АКШга, Израилге жана аймак өлкөлөрүнө каршы бардык чабуулдарды токтотуу шарты менен колдойт" Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин кеңсесинин "X" аккаунтунда жарыяланган билдирүүдө айтылат, деп билдирет АПА


