Немис саякатчысы Азербайжандагы ата-бабаларынын шаарын ачты
Немис саякатчыларынын бири Азербайжанда эки кылымдан ашык убакыт мурун ата-бабалары курган шаарды таап алган Бул тууралуу Азербайжандын Германиядагы элчиси Насими Агаев X социалдык тармагындагы баракчасына жазды Анын айтымында, кеп мурда Хеленендорф деп аталган Гойгол шаары жөнүндө болуп жатат

Немис саякатчыларынын бири Азербайжанда эки кылымдан ашык убакыт мурун ата-бабалары курган шаарды таап алган Бул тууралуу Азербайжандын Германиядагы элчиси Насими Агаев X социалдык тармагындагы баракчасына жазды Анын айтымында, кеп мурда Хеленендорф деп аталган Гойгол шаары жөнүндө болуп жатат. Ал 1819-жылы Вюртембергден көчүп келген немис колонисттери тарабынан негизделген Шаардагы немис мурастарынын негизги эстеликтеринин арасында 1854-жылы курулган Ыйык Иоанндын лютеран чиркөөсү бар. Ал Азербайжандагы алгачкы лютерандык чиркөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Учурда имаратта Гойгол районунун тарых-өлкө таануу музейи жайгашкан Кошумчалай кетсек, шаардын борбордук бөлүгүндө 19-кылымга таандык 300дөн ашык немис үйү сакталып калган Гойголдо жашаган акыркы немис Виктор Кляйнга таандык тарыхый үй да бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Шаарда немис келгиндери түптөгөн көрүстөн да сакталып турат Бул эстеликтердин баары Азербайжандагы көп маданияттуулуктун бай тарыхын чагылдырат жана бүгүнкү күнгө чейин Хеленендорф доорунун издерин сактап келет


