"Туугандардын талапкерлигин койбогула". Бекешев жаңы энергетика министрине кайрылды
Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алтынбек Рысбековду Кыргызстандын энергетика министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты Депутат Ырысбек Атажанов талапкер тууралуу маалымат буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур З

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алтынбек Рысбековду Кыргызстандын энергетика министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты Депутат Ырысбек Атажанов талапкер тууралуу маалымат буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиевдин баяндамасында айтылганын белгилеп, кесиптештерин талкуусуз добуш берүүгө өтүүгө чакырды. Жыйынтыгында депутаттар Рысбековдун талапкерлигин колдошту Дастан Бекешев энергетика министрлери эски салт боюнча ГЭСтерге жана РЭСтерге жетекчи кызматтарга өздөрүнүн жакындарын дайындап келгенин эске салып, жаңы министрди мындай көрүнүштү кайталабоого чакырды «Энергетика тармагы кризистен өтүп жатат, ошондуктан кызматка компетенттүү адистерди дайындоону суранам», - деди ал Эске сала кетсек, аталган департаментти буга чейин 10-июнда кызматтан кеткен Таалайбек Ибраев жетектеп келген

