Брюсселдин калкы 2025-жылы 39 гана адамга көбөйгөн
Бельгиянын статистикалык институтунун (Statbel) маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-январына карата өлкөнүн калкынын саны 11 миллион 867 миң 634 адамга жетти Ошентип Бельгиянын калкы өткөн жылга салыштырмалуу 42 миң 83 кишиге көбөйсө, калктын жылдык өсүү темпи 0,36 пайыз болду Брюсселдин борбор
Бельгиянын статистикалык институтунун (Statbel) маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-январына карата өлкөнүн калкынын саны 11 миллион 867 миң 634 адамга жетти Ошентип Бельгиянын калкы өткөн жылга салыштырмалуу 42 миң 83 кишиге көбөйсө, калктын жылдык өсүү темпи 0,36 пайыз болду Брюсселдин борбор аймагынын калкы 2025-жылдын 1-январында 1 миллион 255 миң 795 болсо, 2026-жылдын 1-январында 1 миллион 255 миң 834кө өстү. Ошентип Брюсселдин калкы бир жылда 39 гана кишиге өстү. Бул жагдай аймактын 2025-жылы калктын саны боюнча стагнация болоорун ачыктады Башка жагынан алып караганда, эл аралык миграция Бельгия боюнча калктын өсүшүнүн негизги булагы болгон. 2025-жылы өлкөдө төрөлгөндөрдүн санына караганда өлүмдүн көп болушуна байланыштуу калктын табигый балансы терс деңгээлде болгон. Ал эми эл аралык миграциянын профицити 47 миң 562 адамды түзүп, калктын санынын өсүшүнө алып келди Бельгияда калктын эң ылдам өсүүсү 0,49 пайыз менен Фламанд аймагында, ал эми Валлония аймагындагы калктын саны 0,23 пайызга өстү Кошумчалай кетсек, Бельгиянын калкы улгайган. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата өлкөнүн калкынын 20,67 пайызын 65 жана андан жогорку жаштагылар түзөт


