Кызылордада бир нече күн мурун жоголгон 6 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кызылорда облусунун ички иштер бөлүмү тараткан алдын ала маалымат боюнча, кыздын жансыз денеси Айтек ГЭСинен 30 чакырым ылдый жактан табылган Денеден зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес Мурдараак маалымдалгандай, Медина Муратбек кызы 5-июнь күнү кечинде Рисмаш кичи районундагы С

Кызылорда облусунун ички иштер бөлүмү тараткан алдын ала маалымат боюнча, кыздын жансыз денеси Айтек ГЭСинен 30 чакырым ылдый жактан табылган Денеден зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес Мурдараак маалымдалгандай, Медина Муратбек кызы 5-июнь күнү кечинде Рисмаш кичи районундагы Сырдарыя дарыясынын жээгинде жайгашкан дамбанын аймагына ойногону чыгып, андан кийин үйүнө кайтып келген эмес Издөө иштерине милиция кызматкерлери, Улуттук гвардиянын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар департаментинин адистери, ыктыярчылар, кыздын жакындары жана жергиликтүү тургундар тартылган Издөө иш-чаралары бир нече күн бою атайын техника, учкучсуз учуучу аппараттар, издөөчү иттердин жардамы менен жана суучулдардын катышуусунда жүргүзүлдү Учурда окуянын чоо-жайы такталууда Дайынсыз жоголгон кыздын сүрөтү жана анын өзгөчөлүгү тууралуу маалымат сөөк табылганга 2 күн калганда бардык тиешелүү аймактарга таратылган


