Тажикстандын түштүгүндө мектеп окуучуларына «Альбендазол» дарысын беришти: бир нече балдар ооруп калышты
Тажикстандын түштүгүндөгү Хамадони аймагында бир нече мектеп окуучулары ичеги мите курттарынын алдын алуу максатында таратылган Альбендазол аттуу дарысын ичип, ооруп калышты «Азаттык» радиосунун тажик редакциясы мектептердин биринде билдиргендей, окуя 6-апрелде болгон. Дарыны ичкен соң Хатлон облу

Тажикстандын түштүгүндөгү Хамадони аймагында бир нече мектеп окуучулары ичеги мите курттарынын алдын алуу максатында таратылган Альбендазол аттуу дарысын ичип, ооруп калышты «Азаттык» радиосунун тажик редакциясы мектептердин биринде билдиргендей, окуя 6-апрелде болгон. Дарыны ичкен соң Хатлон облусунун Хамадони районундагы №22 мектептин 4-классынын жети окуучусу ден соолугуна нааразы болушкан. Алардын экөө ооруканага жеткирилген, калгандарынын башы айланып, көңүлү айланган «Эртеси окуучулардын биринин абалы дагы начарлап, тез жардам чакырдык», — деди атын атагысы келбеген мектеп өкүлү Социалдык тармактарда окуучу кыздын арызы тартылган видео тарагандан кийин ички иштер органдары жана прокуратура иликтөө иштерин баштады Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги мектептерде жыл сайын ичеги мителеринин алдын алуу иштери жүргүзүлүп, анын алкагында балдарга “Альбендазол” дарысы берилерин ырастады. Ведомство ДССУ сунуштаган сертификацияланган дары-дармектер колдонулаарын баса белгиледи Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги видеодогу кыздын өнөкөт оорусу – кант диабети бар экенин, бул анын абалына таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирген Баланын атасы "Озоди" радиосуна билдиргендей, кыз райондук ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу деп бааланууда. Редакция бул маалыматты өз алдынча тастыктай алган жок Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Навруз Жафаровдун айтымында, «Альбендазол 400» дарысы өлкөдө бир нече жылдан бери колдонулуп, натыйжалуулугун көрсөткөн. Дозасы баланын салмагына жараша аныкталат жана аны колдонуу эрежелери алдын ала медициналык кызматкерлерге түшүндүрүлөт Бирок бул талаптар конкреттүү учурда толук аткарылдыбы же жокпу белгисиз бойдон калууда Дүйшөмбү шаарынын тургундарынын пикирлери эки башка. Айрымдары профилактикалык чараларды колдосо, башкалары ар кандай дары-дармектер балдарга жеке текшерүүдөн кийин жана ата-эненин макулдугу менен гана дайындалышы керек деп эсептешет Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


