Кыргызстанда балдардын жайкы эс алуусу үчүн 15 миллион сомго жакын акча бөлүндү -
Кыргызстанда балдардын жайкы эс алуусу үчүн 15 миллион сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде өткөн жыйында Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева билдирди Анын айтымында, Ысык-Көлдүн (Чолпон-Ата) жээгинде жайгашкан «Алт

Кыргызстанда балдардын жайкы эс алуусу үчүн 15 миллион сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде өткөн жыйында Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева билдирди Анын айтымында, Ысык-Көлдүн (Чолпон-Ата) жээгинде жайгашкан «Алтын Балалык» реабилитациялык борборунда республиканын бардык аймактарынан келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар эс алышат. Биринчи когорта (375 бала) 10-июнда башталат "Кезек узун, каалоочулар көп. Андыктан жолдомолорду калыс бөлүштүрүү үчүн жыл сайын бир эле балдар эс алууга чыга албай жатышат. Жол кире кымбаттаганына байланыштуу реабилитацияга жөнөтүлүүчү балдардын саны бир аз кыскарды. Балдарга социалдык кызматкерлер дайындалды, майып балдарды ата-энелери коштоп жүрүшөт", - дейт О.Гүлмира Ал белгилегендей, борбордо ийримдер, компьютердик класстар, англис тили курстары жана башкалар иштейт Эмгек министрлигинин башчысы Канат Сагынбаев коопсуз эс алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал процессти жеринде жеке өзү текшерип чыгууга убада берди


