"Morgan Stanley" мунайдын баасы боюнча болжолун дагы төмөндөттү
АКШнын "Морган Стэнли" инвестициялык банкы мунайдын баасы боюнча болжолун дээрлик эки жумадан кийин экинчи жолу төмөндөттү. Буга Ормуз кысыгы аркылуу мунай агымынын күтүлгөндөн тезирээк калыбына келиши себеп болгон Блумберг агенттиги банктын аналитикалык материалына таянуу менен тараткан маалыматка

АКШнын "Морган Стэнли" инвестициялык банкы мунайдын баасы боюнча болжолун дээрлик эки жумадан кийин экинчи жолу төмөндөттү. Буга Ормуз кысыгы аркылуу мунай агымынын күтүлгөндөн тезирээк калыбына келиши себеп болгон Блумберг агенттиги банктын аналитикалык материалына таянуу менен тараткан маалыматка ылайык, ошол эле учурда АКШда мунай өндүрүүнүн жогору болушу жана Кытайдагы суроо-талаптын начардыгы дүйнөлүк рынокто ашыкча сунуштун коркунучун күчөтөт Мартижн Ратс жетектеген банктын аналитиктер тобунун болжолуна ылайык, физикалык мунай операциялары үчүн стандарттык көрсөткүч катары эсептелген «Dated Brent» мунайынын бир баррелинин орточо баасы үстүбүздөгү жылдын үчүнчү жана төртүнчү кварталында баррелине 75 долларды түзөт. Бул көрсөткүч 3-квартал үчүн мурунку болжолдон 15 долларга, 4-квартал үчүн 5 долларга аз Кошумчалай кетсек, Morgan Stanley келерки жылдын бардык төрт чейрегине баанын болжолдоолорун төмөндөттү. Жаңыланган болжолдоого ылайык, 2027-жылдын аягына чейин “Dated Brent” маркасындагы мунайдын баасы баррелине 70 долларды түзөрү күтүлүүдө


