Мирзиёеванын айтымында, Өзбекстан Франция менен кызматташууну бекемдөөгө ниеттенүүдө
Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева Францияга иш сапары менен барды. Мирзиёева Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро менен жолугушту «Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро менен болгон маңыздуу сүйлөшүүбүзгө кубанычтамын Фра

Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева Францияга иш сапары менен барды. Мирзиёева Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро менен жолугушту «Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро менен болгон маңыздуу сүйлөшүүбүзгө кубанычтамын Франция Өзбекстандын Европадагы маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Биздин эки тараптуу мамилелерибиз энергетика, транспорт, инфраструктура, билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарды камтыйт», — деп жазды Саида Мирзиёева өзүнүн Telegram каналында Анын айтымында, Өзбекстан Борбор Азия аймагында ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш катары позициясын сактап калуу менен Франция жана бүтүндөй Европа менен өнөктөштүктү ырааттуу бекемдөөнү улантууга ниеттенүүдө


