Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен «Элдик Банк» ААК меморандумга кол коюшту -

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен “Элдик Банк” ААК тестирлөө режимине катышкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык көз карандысыздыгын, башкаруунун натыйжалуулугун жана ишинин сапатын жогорулатууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту Мемо

0 көрүү24.kg
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен «Элдик Банк» ААК меморандумга кол коюшту -
Paylaş:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен “Элдик Банк” ААК тестирлөө режимине катышкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык көз карандысыздыгын, башкаруунун натыйжалуулугун жана ишинин сапатын жогорулатууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту Меморандум саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарын каржылык колдоо жаатында узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүнү карайт. Кызматташтыктын алкагында медициналык уюмдарга комплекстүү банктык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде эсептешүү-кассалык тейлөө, эмгек акы долбоорлорун ишке ашыруу, аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн ElKassa биллинг системасын ишке ашыруу, ошондой эле заманбап банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү пландаштырылууда Жетишилген макулдашууларга ылайык, «Элдик Банк» ААК тестирлөө режимине катышкан саламаттыкты сактоо уюмдарынын колдоочу финансылык өнөктөшү болуп эсептелет Меморандумга кол коюу мамлекеттик медициналык уюмдардын финансылык туруктуулугун чыңдоо, башкаруу механизмдерин өркүндөтүү жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат Бул демилге Президенттин 2025-жылдын 28-ноябрындагы №331 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып, финансылык башкаруунун заманбап инструменттерин киргизүүгө жана медициналык уюмдардын ишмердүүлүгүн колдоого багытталган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын № 033 лицензиясы

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler