АКШнын Энергетика министрлиги: Жакынкы Чыгышта мунай өндүрүү күнүнө 7,5 миллион баррелге кыскарды
2026-жылдын март айында Жакынкы Чыгышта орточо суткалык мунай өндүрүү 7,5 миллион баррелге кыскарган Бул тууралуу Интерфакс АКШнын энергетикалык маалымат башкармалыгынын (EIA) отчетуна таянуу менен билдирди Апрель айында аналитиктердин күтүүлөрү боюнча, согуш жүрүп жаткан аймакта мунай өндүрүүнүн

2026-жылдын март айында Жакынкы Чыгышта орточо суткалык мунай өндүрүү 7,5 миллион баррелге кыскарган Бул тууралуу Интерфакс АКШнын энергетикалык маалымат башкармалыгынын (EIA) отчетуна таянуу менен билдирди Апрель айында аналитиктердин күтүүлөрү боюнча, согуш жүрүп жаткан аймакта мунай өндүрүүнүн төмөндөө темпи максималдуу болуп, суткасына 9,1 миллион баррелди түзөт. Мындан кийин эксперттердин болжолунда, төмөндөө суткасына 6,7 миллион баррелге чейин басаңдайт Аймакта кризиске чейинки деңгээлге акырындык менен кайтып келүү ушул жылдын аягында болот, деп эсептейт EIA. Бөлүм Жакынкы Чыгыштагы согуш апрелдин аягында бүтөт деп болжолдойт. Мындан ары Иран дагы деле бөгөп турган Ормуз кысыгында навигацияны калыбына келтирүү иштери башталат


