Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Марлен Маматалиев парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентти мурда жетектеген төрагалар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти Маалыматка ылайык, анда Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан реформалар менен та

0 көрүүkabar.kg
Марлен Маматалиев парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту
Paylaş:

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентти мурда жетектеген төрагалар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти Маалыматка ылайык, анда Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштырып, өзгөчө санариптештирүү иштерине, ошондой эле парламенттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык максаттарга жана милдеттерге токтолду Ал эми мурдагы төрагалар Жогорку Кеңеште ишке ашырылып жаткан өзгөртүүлөргө оң бааларын берип, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары арбын экенин билдиришти. Тагыраагы акыркы жылдары Кыргызстан экономика, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык кызматташтык сыяктуу негизги багыттар боюнча туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгилешти Баарлашуунун алкагында өлкөнүн эл аралык аренадагы жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы тарыхый ийгилик катары бааланды Ошону менен катар жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан үчүн эл аралык маанидеги Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы саммити тууралуу сөз кылышып, кыргыз маданий мурастарын даңазалоодогу жана башка мамлекеттер менен гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу уникалдуу аянтча катары саналган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролу боюнча пикирлерин билдиришти Мындан тышкары Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин бекемдөөгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарды

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Марлен Маматалиев парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту | Tenqri