Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кайберендерге аңчылык кылгандарга каршы чаралар күчөтүлдү - Орунбеков

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Өлкөдө кайберендерге аңчылык кылган браконьерлердин аракетине каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды Анын айтымында, мындан ары күтүүсүз текшер

0 көрүүkabar.kg
Кайберендерге аңчылык кылгандарга каршы чаралар күчөтүлдү - Орунбеков
Paylaş:

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Өлкөдө кайберендерге аңчылык кылган браконьерлердин аракетине каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды Анын айтымында, мындан ары күтүүсүз текшерүүлөр, купуя келген маалыматтар аркылуу браконьерлерди колго түшүрүү ыкмалары дайыма жүрүп турат. "Жакында эле Суусамырда окуя катталды, мергенчи атып келген кийиктин этин бышырып жаткан учурда кармалып, ага 300 миң сом айып салынды. Эгер, салынган айып пулду төлөбөсө анда кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Айтайын дегеним, ар бир айылдын эли мергенчилерди тыйып, кайберенге кол салганды токтотушу керек. Ким элди укпай, кийиктерге, жан-жаныбарларга кол сала берсе, жашыруун маалымат берип коюңуздар. Кайберендер адамзатына тамак-аш болуп берүү функциясын эбак эле аткарып бүткөн. Азыр тамак-аш кенен, короо малга толгон заман. Бир тоо эчкини атам деп 300 миң сом төлөп калуудан алыс болуңуздар. Ал эми аркар-кулжанын айып пулу 1 млн 500 миң сом, ак илбирсти атса 2 млн сом. Ар бир жаныбардын, канаттуунун убалы, ага жараша салынчу айып пулу каралган", - деди ал.Ошондой эле Дайырбек Орунбеков Ала-Арча паркында тартылган кийиктердин видеосун жарыялап, алар жайбаракат, кишиден коркпой, оттоп жүргөнүн көрсөттү."Аралыгы 10-20 метр. Адамга байыр алып, жакын барсаң качпайт. Себеби, Ала-Арча корукка алынгандыктан, жапайы жаныбарлар дагы коркпой калган. Ар бир айылда ушундай болушу керек", - деп белгиледи ал

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Кайберендерге аңчылык кылгандарга каршы чаралар күчөтүлдү - Орунбеков | Tenqri