Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстан–Грузия кызматташтыгы боюнча бир нече документке кол коюлду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бүгүн 12-июнда Бишкекте саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге

0 көрүүazattyk.org
Кыргызстан–Грузия кызматташтыгы боюнча бир нече документке кол коюлду
Paylaş:

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бүгүн 12-июнда Бишкекте саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, эки өлкө авиация, мамлекеттик мүлктү башкаруу, ветеринария, экология, бажы, дене тарбия жана спорт жаатында, тышкы байланыштар саясатында кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюшту.Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга расмий сапар менен 11-июнда келди Президент Жапаров Кобахидзе менен жолугушуп, Кыргызстан Грузияны өз ара ишенимге, урматтоого жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка негизделген маанилүү өнөктөш деп эсептей турганын баса белгиледи. Грузин тараптын Кыргызстанга эң жогорку деңгээлдеги жасаган алгачкы расмий сапары экендигин айтып, кыргыз-грузин мамилелеринин тарыхындагы жаңы этаптын башталышы деп баалады "Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары чыңдоого, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын тастыкташты", - деп билдирди Ынтымак ордонун басма сөз кызматы Кыргызстан да, Грузия да мурда Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөр, учурда эч бир уюмда же бирикмеде бирдей мүчө эмес. Грузия КМШ уюмуна 1993-жылы 3-декабрда мүчө болуп кирип, 2008-жылы андан ошол кездеги президент Михаил Саакашвилинин демилгеси жана өлкө парламентинин чечими менен чыгып кеткен. (ZKo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler