Кыргызстан менен Оман дипломаттар үчүн визасыз режим киргизди
БИШКЕК, 8-апрель. Кыргызстан менен Оман дипломаттар үчүн визасыз режимди киргизди, деп маалымдайт Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанат

БИШКЕК, 8-апрель. Кыргызстан менен Оман дипломаттар үчүн визасыз режимди киргизди, деп маалымдайт Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (парламент) тарабынан 2026-жылдын 12-мартында кабыл алынган Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары) күчүнө киргизүү үчүн зарыл болгон мамлекеттик жол-жоболорду аяктоо болуп саналат Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын дипломатиялык жана кызматтык паспортторуна ээ болгон жарандар жана Оман Султанатынын дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттору бар жарандар Келишим түзүүчү мамлекеттердин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит үчүн 90 күндөн ашпаган мөөнөткө каалаган 180 күндүн ичинде визалык талаптардан бошотулат Макулдашууну ратификациялоо бизнестин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттору бар жарандардын Келишим түзүүчү мамлекеттердин аймактарында жүрүүсүн жеңилдетет


.webp&w=2048&q=70)