Кулубаев Австриянын тышкы иштер министрине Кыргызстанга киргизилген санкциялар боюнча тынчсыздануусун билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Биат Майнл-Райзергер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы европалык санкциялардын аймакка тийгизген таасири жана биргелешкен экологиялык долбоорлор болгонун Тышк

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Биат Майнл-Райзергер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы европалык санкциялардын аймакка тийгизген таасири жана биргелешкен экологиялык долбоорлор болгонун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Жолугушуу австриялык тараптын демилгеси боюнча апрель айында болгон телефондук сүйлөшүүнүн уландысы болду. Министрлер Бишкек менен Вена сооданы өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана маданий байланыштарды чыңдоого даяр экенин ырасташты Дипломаттар ошондой эле эл аралык аренада климаттын күн тартибин илгерилетүүнү талкуулашты. Талкуу 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык тууралуу болду


