Кыргызстанда PMI бир аз төмөндөдү
4-изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы PMI ишкердик активдүүлүгүнүн индекси 58,1 баллды түздү, бул 50 баллдык чектик деңгээлден жогору жана экономикалык жигердүүлүктүн кеңейгендигин айгинелейт. “Кепилдик фонд” ААКсы менен Каржы министрлиги жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын министрлер кабинетинин

4-изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы PMI ишкердик активдүүлүгүнүн индекси 58,1 баллды түздү, бул 50 баллдык чектик деңгээлден жогору жана экономикалык жигердүүлүктүн кеңейгендигин айгинелейт. “Кепилдик фонд” ААКсы менен Каржы министрлиги жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик аппараттын жыйынында билдирди Изилдөө 2026-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин жүргүзүлгөн. Сурамжылоого Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан жана экономиканын ар кандай секторлорунан 1106 бизнес өкүлдөрү катышкан PMI бизнес активдүүлүгүнүн учурдагы абалын, бизнес күтүүлөрүн жана экономикадагы негизги тенденцияларды баалоо үчүн колдонулат. Кепилдик фонду мындай изилдөөлөрдү Каржы министрлиги менен бирге 2024-жылдын октябрынан бери үзгүлтүксүз жүргүзүп келет 2025-жылдын октябрындагы мурунку изилдөөдө Кыргызстандын PMI көрсөткүчү 58,5 баллды түзгөн


