Кавказдагы ири мунай кампасына учкучсуз учактар тарабынан чабуул жасалган
8-июнга караган түнү Новороссийскиде учкучсуз учактын чабуулунан кийин Шесхарис мунай жүктөө комплексине кирген Грушовая өнөр жай аянтынын аймагында өрт чыккан. Расмийлердин айтымында, окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес UNIAN агенттиги OSINT аналитиктерине таянып, өрт объектинин резервуар

8-июнга караган түнү Новороссийскиде учкучсуз учактын чабуулунан кийин Шесхарис мунай жүктөө комплексине кирген Грушовая өнөр жай аянтынын аймагында өрт чыккан. Расмийлердин айтымында, окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес UNIAN агенттиги OSINT аналитиктерине таянып, өрт объектинин резервуар паркынан чыкканын билдирди. Astra Telegram каналынын маалыматына караганда, шаар тургундары түнү бою көптөгөн чабуулдар жана 50дөн ашык жардыруулар болгонун кабарлашты Краснодар чөлкөмүнүн оперативдүү штабы өрткө учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулу себеп болгонун тастыктады Грушовая участогу «Черномортранснефть» ААКсы башкарган Шесхарис комплексинин эң ири резервуар паркы болуп эсептелет. Объект деңиз терминалына түтүк системасы аркылуу туташтырылган, ал аркылуу мунай танкерлерге андан ары ташуу үчүн берилет Ката тапсаңыз, тексттин бир бөлүгүн тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басыңыз


